www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев кайра ооруп калды

Өмүрбек Текебаевдин саламаттыгы кайра начарлады. Анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын маалыматында, соттолгон саясатчыны Неврология борборунан №47 колонияга которушкандан кийин жүрөгүнүн оорусу кайра жанданып, кан басымы көтөрүлүп кеткен.

“Өмүрбек Текебаев азыр медициналык байкоо астында жатат. Бирок, колониянын медсанбөлүмүндө керектүү дары-дармектер жок болууда”, - деп билдирди Токтакунова.

Жазык аткаруу кызматы эгерде доктурлар Өмүрбек Текебаевге кайрадан жатып дарылануу керектигин талап кылышса, анда аны бейтапканага жаткырышаарын билдирди.

Мурдараак Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунда дарыланып чыккан. Андан тышкары, доктурлар анын калкан безинде шишик бар экендигин аныкташкан. Шишикти алып салуу үчүн операция кылуудан саясатчы баш тарткан.

“Ата-Мекен” партиясынын лидерин 2017-жылдын 16-августунда 8 жылга эркинен ажыратышкан. Сот аны Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айыптуу деп тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости