www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын республикалык бюджети 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын катышуусунда өткөн жыйында. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жапаровдун айтымында, «Кординацияланган финансылык, фискалдык жана акча-кредит саясатынын, жаңы ишканаларды ишке киргизүүнүн» натыйжасында ИДПнын номиналдык көлөмү 919,4 млрд сомго жетип, 107%га өскөн. Бул коңшу мамлекеттерге жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы көрсөткүч экенин белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле консолидацияланган бюджеттин номиналдык өсүшү 190,6 млрд сомду же 177%ды түзсө, салыктык түшүүлөр 229 млрд сомго 100,5%га өскөнүн белгиледи.

«Эки жылда өсүү темпи 214%ды түздү, же номиналдуу түрдө салыктык түшүү эки эсеге көбөйдү. Киреше 13,5 млрд сомду түздү. Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгү, мамлекеттик карызды төлөөгө жыл жыйынтыгында 16,2 млрд сом калды, анын ичинде бюджеттик каражаттар 9,9 млрд сом», - деди Жапаров. Ал эми 2023-жылы республикалык бюджет 500 миллиард сом өлчөмүндө бекитилгенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости