www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы таптарда МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун маркум Камчы Көлбаевдин апасынын тоюндагы тасмасы талкууга алынууда. Ага жооп катары Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактан билдирүү таратты.

— МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун Мая Алиеванын 70 жылдык юбилейине арналган салтанатка катышкан эски видеосу - социалдык байланыш тармактарында жарыяланып, талкууга алынып жатат.

Интернет колдонуучулар тойго катышкан себебин жана алар менен кандай байланышы бар экенине кызыгышууда.

Мая Алиева менен Акылбек Жапаровдун агасы студент кезинде окуу жайда чогуу окушкан экен. Ошондон улам тааныштык байланышы болгон. Мындан тышкары тойго катышкан себеби, кошунасы катары чакырылыптыр. Ал эми Мая Алиеванын уулу Көлбаев менен эч кандай байланышы, иши дагы болгон эмес экенин маалымдайбыз, - деп билдирди Орунбеков.

Эске сала кетсек буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, маркум Камчы Көлбаев менен мамилеси болгондорду каттуу жазага тартыла тургандыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости