www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин директору Ч.Койчуманова Ташкентте өткөн «Тарыхый тексттер: аларды түзүү жана чечмелөө маданияты» аталышында форумуна катышты

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Чолпон Койчуманова у.ж. 30-октябрынан 5-ноябрына чейин Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн «Тарыхый тексттер: аларды түзүү жана чечмелөө маданияты» аттуу эл аралык КМШ мамлекеттеринин жаш окумуштуу тарыхчыларынын мектебине катышып, студенттерге жана аспирантарга лекция, ал эми окумуштуулар форумунда доклад окуду.

Иш-чарага Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Армениянын окумуштуулары жана жаш тарыхчылары катышты.

Тарыхчылар мектеби – бул ар кайсы мамлекеттерден келген тарыхчыларга улуттук тарыхый булактардын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга, аларды түзүүнүн жана жайылтуунун формаларын жана жолдорун талкуулоого мүмкүндүк.

Ошону менен бирге, профессор Ч. Койчуманова Өзбекстандын Министрлер Кабинетинин алдындагы Репрессия курмандыктарын эскерүү мамлекеттик музейинде болуп, жетекчилиги менен жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүлөрдү жүргүздү. Белгилей кетсек, Ташкентте Борбордук Азиядагы эң мыкты архивдердин бири жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости