www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. 

Маалыматка караганда, жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. 

Өз кезегинде “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү Министрлер Кабинетине “Алтынкен” ЖЧКсынын инвестициялык долбоорун ишке ашырууда туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы башка инвестициялык долбоорлоруна катышууга кызыкдарлыгын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, “Алтынкен” ЖЧКсынын капиталынын 40% - “Кыргызалтын” ААКсына, 60% - “ЦзыЦзинь” корпорациясына тиешелүү. 

“Алтынкен” ЖЧКсы геологиялык чалгындоо, кен казуу, пайдалуу кендерди байытуу жана эритүү, кайра иштетүү жана даяр продукцияны сатуу менен алектенген биргелешкен кыргыз-кытай ишканасы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости