www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров жактоочуларды куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жактоочуларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу Жактоочулар!

Кыргызстанда адвокат кесибине 97 жыл толду. Архивдик документтерге ылайык, Кыргыз адвокатурасынын тарыхы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.

Дал ушул Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин РСФСРдин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун 1925-жылдын 1-мартындагы № 45 токтому менен 3 адамдан турган биринчи жактоочулар коллегиясы түзүлгөн.

Азыркы мезгилде адвокаттардан жарандардын арасында укуктук туура аң-сезимди калыптандыруу үчүн өзүн-өзү өнүктүрүүнү, инсандык сапаттарын өстүрүүнү, юридикалык жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууну гана эмес, ошондой эле жеке кайраттуулукту да талап кылат. Жактоочу болуу ар бир адамдын колунан келе бербеген чоң сыймык жана жоопкерчилик.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстанда адвокаттын статусун жогорулатуу максатында КРнын Жактоочулар күнүн кесиптик майрам катары жыл сайын 1-мартта белгилөө жөнүндө КР министрлер кабинетинин токтомуна 2022-жылдын 28-февралында кол койдум.

Сиздерди министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – КРнын Жактоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздерге бардык бийик максаттарга жетүүнү жана ийгиликтерди каалайм!», деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости