www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык мэриясынын бөлүм башчысы кармалды

Ошто кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар ​​билдирди.

Алтынбек Пирматовду кечээ прокурорлор кармаганы такталган.

«Маалым болгондой, буга чейин шаардагы эң чоң көрнөк-жарнактын ээси Рысбек Эргешов көзөмөл органына кайрылган. Ал өзүнүн көрнөк-жарнагын мэрия кызматкерлери мыйзамсыз бузушканын билдирген. Алтынбек Пирматов убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп билдиришти редакциядан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости