www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина президенти Владимир Зеленский Киев Москва менен сүйлөшүүлөрдөн азырынча каалаган жыйынтык ала электигин, украин бийликтери сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына өтүүнү делегация кайтып келип, сүйлөшүү процессин талдап чыккандан кийин чечерин билдирди.
Украин лидеринин кайрылуусунун видеосу анын кеңсесинин Telegram-каналына жарыяланды.
Зеленский Беларуста Орусия менен болгон сүйлөшүүлөргө токтолуп: «Азырынча биз каалаган жыйынтыкка ээ боло элекпиз. «Орусия өз позициясын билдирди, согушту токтотуу үчүн биз тараптан каршы пикирлер айтылды. Биз кээ бир сигналдарды алдык», - деп улантты Украинанын президенти. «Делегация Киевге кайтып келгенде, биз уккандарыбызды талдап, андан кийин сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына кантип өтүүнү чечебиз», - деди ал.
Зеленский дагы бир жолу Батыш өлкөлөрүн жана жалпы эл аралык коомчулукту Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө чакырды.
Ал ошондой эле дүйшөмбү күнү Украинанын Евробиримдикке кирүүсү үчүн арыз бергенин айтты. «Биз муну 30 жылдан бери күтүп келгенбиз, мен ЕБге кирүү арызына кол койдум. Арыз Брюсселге жеткирилген, биз кол коюуну күтүп жатабыз. Убакыт келди!" - деди Украинанын президенти.
Булак: NazarNews.kg