www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда жашаган мигрант Темиркул Булашбаев кыргыз бийлигине кайрылуу жасады.
"Кыргызстандагы НПОчулар боюнча пикиримди айтып кетүүнү туура көрдүм. Украина-Орусия ортосундагы жаңжалга өтө активдүү пикир айтып, алар Бишкекте улам митинг өткөрүүдө. Биздин мекенибизге эки жолу кол салуу болду. Кошуна Тажикстан куралдуу чабуул кылып, жүздөгөн үйлөр күйүп, отуздан ашык тынч жаткан жарандар набыт кеткен.
Ошондо НПОчулар азыркыдай митинг кылып, "согуш токтосун, Тажикстан баскынчы" деп чыккан эмес. Башка жарандар жардам чогултуп, Баткенге моралдык жана материалдык жардам көргөзүшкөн. НПО үн каткан эмес, тынч гана отурушкан. Тилекке каршы, НПО менен тилектеш, америкалык гранттар менен каржыланган "Кактус.медиа", "Клооп" сайттары кайра Тажикстанга маалыматтык жардам кылып, чыр-чатакка Кыргызстан себепчи деп жазышкан. Бул маалымат сайттары жабылсын деп кыргыз эли нааразы болгондо - азыркы НПО "сөз эркиндиги" деп тилектеш болуп чыгышкан.
Мына ушул фактыларды салыштырып көрүп, НПОчулар: Улан Үсөйүн, Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров ж.б кыргызга душман окшойт деген ой келип жатат. Азыр аябай активдүү Украинаны колдоп, Россияны бир жактуу каралап жатышат. Украиндер 8 жыл бою Луганск, Донецкте аткылоо кылып, жалпы 16 миңге жакын адам каза болгон. Эмнеге НПОчулар бул тууралуу айткысы келбейт?
Биз Орусияда жашап, иштеп жүргөн кыргызстандыктар Бишкектеги НПОчуларга каршылыгыбызды билдиребиз. Бүгүн РФ аймагында миллиондогон кыргызстандык мигрант жүрөбүз. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын жарандарына Орусияда жакшырак шарттар түзүлгөн. Көп жеңилдиктер бар. Эки өлкөнүн ортосуна чок ыргытып жаткан Американын шпиондоруна чара көргүлө.
Америка Украинаны бооруна тартып, жакын болгондой сезим калтырып келген. Азыр эмне кылды? Терс бурулуп кетти. Эки тууган, кошуна өлкөнү согуштуруп салды. Мына эми Бишкекте дагы НПОчулар чагымчылдык кылышууда.
Урматтуу УКМКнын төрагасы, ИИМ министри. Сиздерди Россияда жашап, Кыргызстанга миллиарддаган акча каражаттарын жөнөтүп жүргөн мигранттардын үнү, каалоосу кайдыгер калтырбаса, анда НПОчуларга чара көргүлө деп суранабыз.
Казакстанда дагы митинг кылып чыгышты эле, аларды камап салды. Эмнеге бизде эркиндик берилип жатат, ча6ымчылдарга? Бул жеке эле бир мигрант менин эмес, миллиондогон Россиядагы кыргыздардын каалоосу! НПО кыргыздын душманы. НПО кыргызга кесепет. Урматтуу Орусияда жашаган боордоштор, ушул кайрылуумду максималдуу бөлүшүп койсоңуздар деп суранат элем",- деп жазган кайрылуусунда.
Темиркул Булашбаев, Москва
Булак: NazarNews.kg