www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта Донбасста жүргөн өзбекстандык айдоочунун видеокайрылуусу тарады. Ал Украинанын чыгышына Орусиянын армиясынын жүк ташуучу унаасы менен кирип бара жатканын айткан. Ошондой эле 3 айга айдоочу болуп жалданганын, Орусиянын жарандыгын жана үй алуу үчүн бул жумушка макул болгонун, ай сайын 50 миң рубль төлөп беришерин кошумчалады.

Видеодогу адам жумушту өзбекстандык мигранттардын арасында популярдуу болгон «UzMigrant» сайтынан тапканын да билдирди. Андан тышкары Афганистанда кызмат өтөгөнү үчүн жумушка алышканын, ал сыяктуу жалданган Өзбекстандын жана Тажкистандын жарандары көп экенин айтты. Азырынча Өзбекстан бул видео кайрылуу боюнча билдирүү жасай элек.

Буга чейин Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиги социалдык тармактар аркылуу өзбекстандыктарга кайрылып, Украинадагы аскердик операцияга катышпоого, эгерде катышса, жазык жоопкерчилиги каралганын эскерткен.

Өзбекстандын мыйзамы өз жарандарына чет өлкөнүн куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөөгө, чет жакта келишим менен аскердик кызмат өтөөгө же чет өлкө тарабынан жоокер катары жалданууга тыюу салат. Бул мыйзамды бузгандарга 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости