www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 млрд 589,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултканын, бул белгиленген пландан 1,3 млрд сомго ашык экенин, мактаныч менен жар салды. 

Ошондо салык 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд сомго көп жыйналды. Анын ичинде 40 млрд 40 млн сом салык жана төлөмдөр, 14 млрд 549,3 млн сом камсыздардыруу төгүмдөрү чогултулган. 

Мындай көрсөткүч өздөрү ооз толтуруп айтып жүрүшкөндөй 30 жылда болгондой жетине алышпай жатышат. Албетте, казына толуп турганы жакшы. Бирок кандай жолдор менен деген маселеге келгенде, карапайым калктын жон терисин сыйрып, нааразы кылган жагдайлар арбын. 

Сыягы, Акылбек Жапаровдун акылы завод-фабрика куруп, жумуш орундарын түзүп, экпорттун көлөмүн көбөйтүү аркылуу казына толтурууга эмес, салык салып, элдин терисин сыйрыганга гана жетет окшойт. Муну маймыл деле кылат. Ага ашыкча акылдын кереги жок. 

Дегенибиз, Салык кызматы кантип 1 кварталда пландан 1млрд сом ашыкча жыйнады деген маселенин чоо-жайына токтолсок, баары айдан ачык көрүнөт. 

Мына учурда жер, үй, квартира жана башка кыймылсыз мүлктү кайра каттоодо өткөрүү үчүн, салык кызматынан карызы жок деген маалымат алып келбесе каттабай жатышат. 

Натыйжада, кайсы бир мүлкүн саткан кишини Мамлекеттик каттоо кызматы Салык кызматына жөнөтөт. Салык кызматы баягы кишинин 10-20 жыл мурун саткан машинасынын, айылда карабай таштап салган жеринин салыгынан бери эсептеп берет. Анан ары-карап ыйлап, бери карап күлүп аргасыз төлөп жатышат. Ансыз иши бүтпөйт. Ал түгүл эчак чачылып темир болуп кеткен качанкы машина салыгын өндүрүп жатышат. Ошентип, эчак мөөнөтү өтүп кеткен салык карыздарын күч менен жыйнап, кыйраттык дешүүдө. 

Мурда үй, жер, машина сатканда салыктан эч нерсе талап кылынчу эмес. Азыр 20 жылдык салыгыңды дагы төлөйсүң. Акылбек Жапаровдун салыктан кача албайсыңар деп оозун чойгонунун сыры ушунда жатат. 

Арийне, туура, салыкты төлөш керек. Салык - бул бир айда иштеген эмгеги үчүн же ай сайын төлөнүүчү салык болуп эсептелет. Бирок, мындан 20 жыл мурунку төлөнбөгөн салыкты төлөтүү өтө аша чапкандык болуп саналат. Анткени, андан бери көп жыл өттү. Өкмөт баардык отчетторун берди. Мөөнөтү эскирди деген бар да. Керек болсо мыйзамда кылмыш кылган мөөнөтү эскирди деп адамды кылмыш жоопкерчилигинен кутултуп жатат. Анан кайдагы 20-30 жыл мурунку салыгын төлөттүрүү адамдын укугун тебелөө менен барабар. Демек, салык кызматынын мыйзамды бузуу менен салыкты чогултуусу туура эмес. Убагында салык кызматы эшек талкалап жүрдүбү? Күнөө, айып өздөрүндө. Өздөрүнүн качанкы шалаакы кемчилиги үчүн, элди кыйнаган акылга сыйбайт. 

Экинчиден, кеп мөөнөтү өтүп кеткен качанкы салыкты төлөөдө же салыктын өлчөмүндө эмес. Кеп мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бюрократиялык көрүнүштө жана адамдардын убаракерчилик тартуусунда. Эгер бир же эки жыл салык төлөбөсө, аны төлөттүрүү керек. 10 же 20 жыл мурунку салыкты төлөттүрүү туура эмес. Ага чейин салык кызматы уктап жатты беле?!

Мындай саясат менен Акылбек Жапаров жакында өлгөн адамдан салык жыйнабаса болду?.. Образдуу айтканда, Гоголдун атактуу "Өлүү жандар" деген чыгармасындага башкы каарман Чичиков өлгөн адамдарды сатып алып, анан кайра аларды банкка күрөөгө коюп алчойгон насыя алган аферисттигин Жапаров кайталап жаткандай эле сезилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости