www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Аскат Жетиген 2026-жылдын 19-августунда 3 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүтүп, эркиндикке чыгат.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Эске салсак, Аскат Жетиген 2024-жылдын март айында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктарга чакырыктар») жана 327-беренеси («Бийликти басып алууга ачык чакырыктар») боюнча айып тагылган.

2024-жылдын 20-мартында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны тергөө абагына камакка алган.

Кийин 2024-жылдын 1-июлунда Бишкектин Свердлов райондук соту Аскат Жетигенди 278-берене боюнча актап, 327-берене боюнча күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркинен ажыраткан. 17-октябрда Бишкек шаардык соту өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. Ал эми 2025-жылдын 18-мартында Жогорку сот өкүмдү акыркы инстанция катары күчүндө калтырган.

Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын маалыматына ылайык, Аскат Жетиген кармалгандан кийин адвокатына, кийин сотто да УКМК кызматкерлери тарабынан кыйноого кабылганын билдирген.

Анын айтымында, 2024-жылдын 12-апрелинде кыйноо боюнча берилген арыз Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын өздүк коопсуздук кызматына кызматтык текшерүү жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн. 26-июлда прокуратура кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Укук коргоочунун билдирүүсүндө, андан бери Аскат Жетиген жана анын адвокаты прокуратуранын баш тартуу чечимдерине даттанып келишкен.

Ошондой эле анын СИЗОдо жана абакта болгон мезгилинде прокурорлор тарабынан кыйноо боюнча жагдайларды аныктоо үчүн жолугушуу болбогону айтылат.

Последние новости