www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламентте не деген дөө-шаалар чогулганын билип, көрүп жатабыз. Бирок, ошол эргулдардын басымдуу бөлүгү курулай кеби менен кулактын черин жазышканы ачууңду келтирет. Айрым финансисттер карыз көбөйүп кетти, эми кантип кутулабыз деп кокуйлашса жанына даап теке да баралбай калат алаңдап. Тимеле элге күйгөн кишидей кабагын бүркөп сүйлөйт указканы колуна кармап алып. Сайган арифметикалык сандары миллиардды чапчыйт, кысталактыкы!
Өткөндө жалаң тандалмалар өлкөнүн карызы боюнча талкуу өткөрүштү. Ошолордун ичинен Акылбек Жапаров деген депутат көзүр өңдөндү. Калгандары ошонун оозун тиктеп отурушту куурчактай болуп. Төбөсүнөн таанымал болгон экономист эми кантебиз, карыз белчебизден басып кетти го деп сыздаган сайын жер солк дей түшкөндөй абал жаралды тигилерге. Анткени менен өмүрүндө бир да жолу келгиле, колдон келген жардамыбызды берели, карыздан кутулууга каражатты биз салып, үлгү көрсөтөлү деп айтканын уга элекпиз. Керт башын ойлогон депутаттын байлык чогултуу боюнча онунчу орунда экенин сабаттуулар жакшы билет. Ошол байлыгынын эсебинен бир тамчысын карызды жабууга чегерип койсо “уйлары кысыр” калбастыр? Ушул жагын деги качан ойлонуп, туура чечим кабыл алып, элдин көзүнө көрүнөт деген кыялдар улам кыскарып баратат. Көп эле сугуңду элдин ырыскысына арта бербе, бергенди да бил Акылбек деген нотада сөзүбүздү кыскарталы...
Булак: "Ачык сөз"