www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент төрагасы Канат Исаевге алдыдагы шайлоолор тууралуу маселелерди фракция жетекчилери менен гана эмес, 120 депутаттын бардыгы менен талкуулашы керек. Мындай пикирин Акылбек Жапаров билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны өттү. Анда Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү чечими каралды. Жыйындын жүрүшүндө спикер шайлоолорду өткөрүү процесси тууралуу айрым маселелерди фракция лидерлери менен сүйлөшөрүн айткан.
Ошондой эле Депутат "президенттин үч жылдан кийин отставкага кетишине дал ушул фракция лидерлери өбөлгө түзгөнүн" айтып, бардык маселени жалпы парламент менен чечишүүгө чакырды.
"Жигиттер, бийликтин баары ушул алты фракциянын лидерлеринде. Президентке кирип, көйгөйдү чечкиле десек чечпей жүрүп, эми башыбызды дагы кайсыл жакка айлантканы жатасынар? Канат Кедейканович, акылдашам десеңиз, 120 депутат менен акылдашыңыз. Эгер акылыңар тунук, эсиңер ордунда болсо, азыркыдай революция болбойт болчу. Баарыбыз менен сүйлөшүп, ачык иштегиле", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, парламент жакынкы күндөрү алдыдагы президенттик жана депутаттык шайлоонун күнүн аныкташы керек.
Булак: NazarNews.kg