www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска байланыштуу кырдаал курчушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу «Fox Business» жазды.

«Күз жай мезгилине салыштырмалуу кыйла начар», — деди Гейтс.

Гейтстин айтымында, учурда оору көбөйүп баратат жана адамдардын суукта үйдө көбүрөөк убакыт өткөрө башташы оорунун дагы көбөйүшүнө алып келет.

Белгилей кетсек, вакцина чыкканга чейин вируска каршы күрөшүүнүн бир гана жолу бар — бул: беткап тагуу.

«Тилекке каршы, адамдар чарчашат, көпчүлүк адамдар буга терс көз карашта болушат. АКШда беткап тагынуу андан да жаман», — деди ал.

Эске салсак, Гейтс буга чейин коронавирус пандемиясы 2022-жылы токтой турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости