www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кожобек Рыспаев Атамбаевдин алтынына кокодон тоюп, анын башына күн түшөөр менен колдогонду койолу “шымын булгап” алган. Жээнбековдун убагында желип-жортуп жүргөнүн эл билет. Мына эми ушуга окшогон депутат  эмне деп жатат, бүгүн акылы ашып кетиптир. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Кожобек Рыспаев: “ Садыр Жапаровго кайрылам, кошоматчылардан алыс болуңуз”-деп акылын айтып, андан тышкары   Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсү тууралы оюн билдирди. Эгер кошоматчылардын алыс боло турган болсо Кожобек Рыспаев  кожоңдоп үйүндө жатпайбы?Эл котур ташын камдап турса, бул котур алтынын кармап жүрсө керек.

Ал айтат: "Түшүнүп турабыз, кырдаал оор. Ушул учурда биз калыс болушубуз керек. Мен Сооронбай Жээнбековдун жакшы инсан, ыймандуу адам экенин билем. Президент катары өзүнүн антын аткара албаган үчүн ушундай көйгөй чыгып жатат. Коррупционерлердин, мүлктөрүн жашырып алгандар экономика өспөй жаткан үчүн эл көчөгө чыгып жатат.Садыр Жапаровго кайрылам, кошоматчылардан алыс болуңуз. Кедейчилик жоюлганда мындай сабактар болбойт. Биз бардык мыйзамдуу кадамдарды колдойбуз", - дейт ал

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости