www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кендеги соңку кырдаал тууралуу «Азаттыкка» маек курду. Анда кендеги ишмердүүлүктү интернет аркылуу көзөмөлдөп турган система өткөн жума күнү өчүрүлгөндөн бери «Кумтөр Голд» ишканасындагы өндүрүш колго башкарылып жатканын айтты.
«Датчиктерден интернет аркылуу сигнал берилип, маалыматтын баары компьютерден чыгып турчу. Азыр эми ал датчикттерге бирден кызматкерди коюп иштетип жатышыптыр. Алар мөңгүлөр тууралуу маалыматты кендеги инженерлерге айтып, алар абалды көзөмөлдөп атышат. Адам баласына коркунуч келтире турчу жерлер бир да секунд, бир да мүнөт каралбай калган жок. Айла алтоо болсо акыл жетөө да.
Бирок мунун баары кол менен жасалууда. Ушундай жол менен иштей берсе болот. Азыр укук коргоо органдары, биздин адистер чет элдик адистер менен сүйлөшүп жатат. Эми 10-20 күндүн ичинде мунун баарын калыбына келтиребиз», - деди Жапаров.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 17-майдагы чечими менен Министрлер кабинетине «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырган. Убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында айтылды.
Акылбек Жапаров буга чейин канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. «Центерра Голд» мындай дооматтарды четке кагып жатат.
Булак: NazarNews.kg