www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров: «Салык төлөбөө эң оор кылмышка айланат»

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы анын жыйында сүйлөгөн сөзүн жарыялады:

«Урматтуу Садыр Нургожоевич! Урматтуу Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү! Урматтуу чакырылгандар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешнин 7-чакырылышынын депутаттарынын шайлоо күнү да келип жетти. 2 күндөн кийин баарыбыз шайлоого барып, өзүбүздүн атуулдук позициябызды билдиребиз.

Дегеле бул шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөнүп жатат?

Жаңы конституциянын мажоритардык-пропорционалдуу принцип менен Жогорку Кеңешти түзүү – коомубуздун социалдык структурасын чагылдырат. Партиялардын лидерлерине карабастан объективдүү тандоо болот. Башкысы – элибиз сезип жатат.

Анткени президент Садыр Нургожоевич башында турган аткаруу бийлиги кескин кадамдарга барып жаткандыгын билдирем.

30 жылдан бери шайлоо процесстери административдик ресурстун гүлдөө деңгээлине чейин жеткенин эч ким тана албайт. А чындыгында “административдик ресурс” – Советтер Союзунан калган өнөкөт оору.

Административдик ресурстун башкы кесепетинен ачык соодалашуулар жүрөт, жүрүп келди.

Бийлик сыр бербегендей болгону менен административдик ресурс гүлдөгөн. “Кыргыз Республикасынын президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 21-беренесинде көрсөтүлгөн “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануунун жол берилбестиги” таптакыр сакталган эмес.

Айрымдарын эле атап кетсем:

- ошол аймактан чыккан мамлекеттик кызматкерлерди райондорго жөнөтүшкөн;

- мамлекеттик каражаттарды бирөөнүн пайдасына жумшоо, шайлоого бөлүнгөн каражаттарды башкага буруу аракеттери болгон;

- массалык пропискага тургузуулар болгон;

- студенттерди, жоокерлерди, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин мажбурлап салдырышкан;

- мугалимдерди, окутуучуларды, медицина кызматкерлерин шайлоого каалагандай иштетишкен;

- бийликтин артыкчылык берген партиясы болуу.

Ушул сыяктуу толгон-токой бийлик тараптан кетирилген административдик ресурска жооп катары партиялардын “добуштарды ачык эле сатып алуусуна” алып келген. Акча таркатууга дал ушул бийлик түрткү болгон деп коркпой айтсак болот.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Акыркы 10 жылдын ичинде баюу максатын көздөгөндөр катышкан.

Салык төлөбөгөн, салыктан качкан, көмүскө бизнеси үчүн ашыкча префенцияларды алуу, издерин жашырып кетүү сыяктуу арам ойлорун ишке ашыруу максатын көздөгөндөр Жогорку Кеңешке активдүү аттанышкан. Шайлоого мамлекеттен катып жүргөн акчаларынын баарын чачышкан.

Айрым партия лидерлери: акча топтоо менен шайлоону өзүнчө баюу булагына айландырышкан, олигарх сезе башташкан, так талашууга чейин жетишкен. Ошол эле учурда партия ичинде элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы унутулуп, ич ара кагылыштар күч алган.

Ал эми бийлик башында тургандарды көмүскө кирешесинен тапкан “сол чөнтөктөгү” каражаттары менен сатып алып турушкан. Демек, бийлик ушундай көмүскөй лидерлерге аргасыз көз каранды болуп калган. Мамлекеттик салык кызматынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген: башкасын айтпасак да – алкоголго, бензинге акциздер чогултулбай калгандыгын билебиз.

Мамлекетибизде депутат болуу үчүн атайылап мыйзамдар бузулган. Ал эми депутат болгондон кийин мыйзамдарга массалык түрдө өзгөртүүлөр киргизилген, салыктардан бошотулушкан.

Мындан ары бул бийлик 3 принципти туу тутуп иштейт:

Биринчи – элдин биримдиги.

Элдин биримдиги бекем болсо, мамлекет тоодой күчкө ээ болот. Улутуна, динине, тилине, социалдык, экономикалык абалына карабастан, элдин ынтымагына доо кетирүү – ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги катары каралат. Элдин ынтымагы, элдин биримдиги – өнүгүүнүн негизги ачкычы.

2-принцип: мамлекеттин бүтүндүгү.

Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ички жана тышкы күрөштөр тынымсыз жүрөт.

1-ички күрөш: Мамлекетти солгундатуучу кандай гана күч болбосун ага каршы күрөшөбүз:

- башкалардын каржысы менен жашаган, идеологиясын таркаткан бейөкмөт уюмдардын,

- коомдун тынчтыгына доо кетирүүчү адамдардын,

- экстремисттердин, диний радикалдардын аракети мамлекеттик катуу контролдо болот.

Демократиялык баалуулуктарды дайыма жактап келгенбиз, дагы да жактайбыз. Бирок мамлекеттик чыккынчылыкка аёосуз күрөштөр болот.

2-тышкы күрөш: чек ара, аймактык бүтүндүк – булар көздүн карегиндей сакталат.

Мамлекеттин аймактык бүтүндүгү күнүмдүк жашоо камынан жогору турат.

3-принцип: салык төлөбөө эң оор кылмышка айланат.

Коомдогу социалдык-экономикалык мамилелер – тийиштүү каржылоону талап кылат. Салык – мамлекеттик казынанын өзөгүн түзүүчү негизги булак. Адилеттүү салык системасы курч коюлат. Ишкерлерге жеңилдиктерди берсек, алар көмүскө экономикадан чыгат. Адилеттүү салыкты төлөп тынч жашаганды ким самабайт. Салык кайра эле жарандардын өз жыргалчылыгына, бакубаттуулугуна жумшалат: пенсия, пособиеден тышкары – жол, свет, суу, мектеп, оорукана ж.б.

Ошондуктан ар бир ишкердик менен алектенген жаран салык төлөбөсө – оор кылмыш болоорун билиш керек. Ал үчүн биз бардык кызматтарды санариптештиребиз. Кызмат – бул привилегия эмес, жоопкерчилик болот. Ал үчүн биз саясий катаклизмден чыгып, саясий стабилдүүлүктү орнотобуз. Тышкы инвестиция – эл аралык кызматташуунун көпүрөсү болот.

Ички инвестиция – мекенге кызмат кылуунун үлгүсү катары бааланат.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Эл аралык жана коомдук байкоочуларды, массалык-маалымат каражаттарын шайлоо процессине киргизүү менен административдик ресурсту ооздуктоого аракеттер жасалып келди. Бирок бул ыкмалар таптакыр иштеген жок. Бул аракеттер кымындай да административдик ресурсту азайта алган эмес.

Анткени – саясий эрк жетпей жаткан.

Бүгүн президент шайлоодо административдик ресурстун бир да элементи колдонулбастыгына чекит койду. Шайлоого байланышкан 3 жолу жарлыгын чыгарды. Бардык эл менен жолугушууларында шайлоонун таза, ачык, тең атаандаштыкта өтөрүнө кепилдик берип келди.

Бардык тапшырмаларды кынтыксыз аткаруу боюнча Министрлер кабинети болгон аракетин көрдү жана аягына чейин аткарат деп ишендирип кетем.

Бул шайлоого да ар тараптуу талдоолор жүргүзүлөт. Бүгүнкү бийликтин мындай кадамдарына татыктуу баа берилет деп ишенем.

Кыргызстанда Борбордук Азия мейкиндигинде биринчилерден болуп шайлоо процессинде “бир адам — бир добуш” принциби үчүн биометрикалык текшерүү киргизилген. Бул жакшы кадам. Биз муну улантабыз. Кыргызстанда биометрикасы жок бир адам болбоого тийиш. Муну биз максималдуу аз санга жеткиребиз.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары – шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Биз бул милдеттерди толук аткардык жана алардын 28-ноябрь күнү иштеп беришин камсыз кылабыз.

Баса белгилеп айткым келет, тартип бузгандардын жоопкерчиликтери дароо каралды, кызматтарынан четтетилди, кызматынан бошотулду. Бул башкалардын мындай каталарды кетирбешине чечкиндүү эскертүү болду жана катуу сокку болду!

Натыйжада: бул шайлоодо тартип бузуулар 2 эсеге азайды, партиялардын фонддорун сарптоо 3 эсеге азайды.

Бирок ушул акыркы 2 күнү акча чачкандарга катуу контроль күчөтүлөт.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Шайлоо даярдыктары боюнча ар бир мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар берилген. Ошол боюнча иштер катуу контроль менен жүрүп жатат.

28-ноябрдагы шайлоого “2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында жалпысынан 621,3 млн сом суммасындагы каражат каралган, алардын ичинен:

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына – 592,5 млн сом каралган,

- Тышкы иштер министрлигине – 22,1 млн сом, толук көлөмдө убагында каржыланууда,

- Санарипти өнүктүрүү министрлигине (Мамлекеттик аттоо кызматына) – 6,6 млн сом каралган.

Финансылык жактан эч кандай тоскоолдуктар, же кечиктирүүлөр болгон жок жана болбойт.

Урматтуу жыйындын катышуучулары!

Биз үчүн, биринчи кезекте, элибиздин ден соолугу кымбат, ошондуктан шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугу эске алынат.

Бул багытта: аймактарда шайлоо участокторун санитардык эрежелерге ылайык даярдоо, уюштуруу иштери жүрүп жатат. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Шайлоо болгон күнү социалдык дистанциялар кармалып, санитардык эрежелер бекем сакталат деп ишендирип кетем.

Шайлоо комиссияларын автотранспорт, материалдык-техникалык каражаттар, байланыш жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча жумуштар аткарылып жатат.

Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү жана интернети жок шайлоо участокторунда аларды уюштуруу маселелери чечилип, азыр текшерүү иретине байланыш жана интернет операторлору менен кеңешмелер уюштурулуп жатат. Электр менен камсыздоонун альтернативдүү булактары караштырылып, участокторго генераторлор жеткирилди. Ошол күнү баары иштейт. Учурда бардыгы күчөтүлгөн тартипке өткөрүлдү. Министрлер кабинети тараптан мыйзамдарда белгиленген милдеттер жана ага ылайык бардык иштер өз убагында так аткарылат деп ишендирип кетем. Биз ачык, таза, акыйкат шайлоого даярбыз.

Шайлоодон кийин коомдун бардык пикирлерин эске алып, талдоолор жүргүзүлөт. Министрлер кабинети бүт күчүн социалдык-экономикалык проблемаларды чечүүгө жумшайт.

Урматтуу кесиптештер!

Сөзүмдүн аягында бир маселеге токтолуп кетким келет.

Администрациянын кызматкерлери толугу менен жер-жерлерди инспекциялап келди. Азыркы учурда биздин алдыбызга жаңы милдет пайда болду – эч кимге үгүттөө иштерин жүргүзбөй, шайлоого элдин катышуусун камсыз кылып берүү. Ал үчүн ар бирибиз элибизге шайлоого катышуунун маанисин көбүрөөк жана тереңирээк түшүндүрүп беришибиз керек.

Учурдан пайдаланып, уруксат берсеңиз, жарандарыбызга кайрылып кетсем.

Урматтуу кыргызстандыктар, шайлоого катышуу менен – шайлоонун маанилүүлүгүн көрсөтөбүз. Баарыңыздарды шайлоого келип, жарандык милдетиңиздерди аткарып кетүүгө чакырабыз. Мамлекеттин тагдыры үчүн кайдыгер болбоңуздар! Шайлоодо ар бир добуштун купуялуулугуна кепилдик беребиз. 2021-жылдын 28-ноябрынан тартып Кыргызстанда жаңы шайлоо маданияты кирет. Бул шайлоо жаңы саясий маданияттын калыптанышындагы биринчи кадам болот. Президент тынч жана таза шайлоону өткөрүп беребиз деп айтып жатат. Биз аны сиздер менен бирге сөзсүз ишке ашырабыз деп терең ишенем.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости