www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү жыйында эл өкүлдөрү баш прокурордун сунуштамасын кароо үчүн депутаттык комиссия түзмөк.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны кворум жок өтпөй калды.

Бүгүн эртең менен саат 14:00дө депутаттардын кезексиз жыйыны өтөрү кабарланган. Күн тартибине парламентарийлер Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун кол тийбестигинен ажыратуу киргизилген.

Аталган убакытта депутаттар чогулган жок. Мындан улам төраганынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева 15 мүнөт күтүп, регламентке таянып 15 мүнөттүк танапис жарыялады. Андан кийин да эл өкүлдөрү келбей, бешөө гана каттоодон өттү.

Буга байланыштуу Касымалиева жыйын өткөн жок эсептеп, жыйынтыктады.

Белгилей кетсек, башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентке депутаттар Жээнбеков менен Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунуштамасын жөнөткөн.

Бүгүнкү кезексиз жыйында эл өкүлдөрү аталган сунуштаманы кароо үчүн депутаттык комиссия түзөрү күтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости