www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-майда «Кумтөр» боюнча түзүлгөн комиссия маалымат жыйын берүүдө.
Анда комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров «Центерра Голд» компаниясына койгон доо 4,2 миллиард доллардан ашканын билдирди.
«Кыргыз мамлекетинде ким иштесе чет мамлекеттен келген компаниялар кирешесинен 10 пайыз салык төлөйт. Салык кызматы текшерип жатканда «Центерра Голд» компаниясы салык төлөбөгөнүн байкаптыр. Келишимдин негизинде биздикилер макул дей беришкен экен.
Салык төлөө боюнча актыны компанияга өткөрүп бердик. Жетекчилерден бири жок, баары өлкөдөн чыгып кетишкен экен. Актыны каражат боюнча иштеген кызматкерлерге тапшырдык. Экология боюнча коюлган айып талашсыз.
Биринчи деңгээлдеги сот чечим чыгарып берди. Экинчи инстанцияда дагы даярданып жатабыз. Сотко Кыргыз жарандары берип жатат. Жалпы доонун көлөмү 4,2 миллиард доллардан ашты», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg