www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын курамындагы тоо иштери боюнча адистердин эсебине караганда, Кумтөр кенинде 180 тонна алтындын кору калды жана ал дагы 10 жылга жетет. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова билдирди.
Анын айтымында, Кумтөр кенин 2031-жылга чейин иштетсе болот. Бирок ошону менен бирге калдыктар дагы көп чогулат.
«Калдык сактоочу жай 40 млн куб метрге ылайыкталган. Бүгүнкү күндө ал жакка 95 млн куб метр калдык төгүлгөн. Бул долбоордо көрсөтүлгөн ченемден 2 эсе көп», - деди Кутманова.
Анын айтымында, калдык сактоочу жайдын сыйымдуулугу өскөн сайын, дамбасы дагы бийиктейт.
«Азыр дамбанын бийиктигин дагы 7 метрге көбөйтүүгө уруксат алууну көздөп жатышат. Дамба канчалык бийик болсо, ошончолук коркунучтуу.
Калдык сактоочу жайды Петров көлүнүн алдына курушкан. Петров көлү мөңгүлөрдөн куралат. А мөңгүлөр ээрип жатат. Эгерде суу көлдү жырып кетсе, ал калдык сактоочу жайга барат. Дамбаны талкалап, аны менен бирге зыяндуу калдыктарды төмөн жактагы сууларга агызат», - деди Кутманова.
Булак: NazarNews.kg