www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров вице-президенти Селчук Өзтүрк жетектеген Түркиянын Соода-өнөр жай палаталар биримдигинин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты, андан соң Экономика жана соода министрлиги тарабынан даярдалган бир катар инвестициялык долбоорлордун бет ачары болду.
«Биз өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоого убакыт жетти деп эсептейбиз. Биз азыр экономикада жана мамлекеттик башкарууда ири реформаларга киришип жатабыз. Өнөр жай, айыл чарба, текстиль өнөр жайы, гидроэнергетика сыяктуу тармактардагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулууда», - деди Акылбек Жапаров.
Андан соң ал жолугушуунун катышуучуларына республикадагы алтын казып алуунун потенциалы тууралуу маалымат берди.
«Биз Кыргыз Республикасында заводдор менен фабрикалар бир эле аймакта жайгашкан өнөр жай аймагын ачууга кызыкдарбыз. Биз министрлер кабинети катары бул сунушту ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөбүз», - деп кошумчалады министрлер кабинетинин төрагасы.
Булак: NazarNews.kg