www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтары тарабынан ушул жылдын январь айында 100 жеке ишкерге, февраль айында дагы 40 бизнесменге кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирди.
Марипов ишкерлерди колдоо боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгын эске салып, укук коргоо органдарынын бизнесмендерге жасаган мындай мамилесин сынга алды.
Улукбек Марипов февраль айынын этегинде ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен эки ирет жолугушуу өткөрүп, тармактагы көйгөйлөрдү талкуулаган. Ишкерлер бизнеске шарт түзүлбөй жатканына, ыксыз текшерүүлөр күч алганына нааразычылык билдиришкен болчу.
Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлерди текшерүү 2020-жылы 3 эсе көбөйгөнүн билдирген. Мекемеге арызданып кайрылгандардын көпчүлүгү Мамлекеттик салык кызматына, жергиликтүү бийликке, Мамлекеттик мүлк фондуна жана башка мамлекеттик мекемелерге каршы даттанышкан.
29-январда президент Садыр Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.
Анда ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу тууралуу айтылат.
Булак: NazarNews.kg