www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сомали –каракчылардын өлкөсү Кыргызстанды Сомали менен салыштырууга болбойт. Саясат таануучу, Орусиянын Улуттук стратегия институтунун директору Юрий Солозобов «Кыргызстан: «сомалилешкен» өлкө, алсыз бийлик» аттуу макала жарыялады. Анда: «Кыргызстанды дүйнө эли азыр «жолу болбогондордун аралы» деп атап жатат. Эмнеге бул өлкөнүн бийлиги улам жаңырган сайын алсырай берет? Борбор Азиядагы чакан өлкөнүн саясаты, экономикасы, социалдык абалы барган сайын начарлоодо. Маселен, математик Аскар Акаев мындай ээн баш өлкө үчүн өтө эле жумшак лидер болгон. 2005-жылы «жоогазын ыңкылабынан» кийин качып, ордуна мамлекетти түндүк-түштүккө бөлгөн Курманбек Бакиев келген. Азыркы кыргыз саясий лидерлери уруучулук, талаа командирлик, ал тургай кылмыш тобунун деңгээлине чейин майдаланды. Мындай топтордун эң башкы дымагы - кандай жол менен болбосун бийликке жетүү.
2016-жылы өкмөт кызматтан кеткенде эле азыр болуп жаткан саясий окуяларды божомолдоп жазган элем. Кыргызстандагы саясий сасык тумоо өнөкөт ооруга өттү. Анын өзөктүк себеби - бириккен улуттун, анын кызыкчылыгын көздөгөн элитанын жоктугу. Ушундан улам чакан мамлекет «социалдык таштандыга» айланууда. Кыргызстандын «сомализациясы» - өтө оор дарттын белгиси. Бул жалпы постсоветтик өлкөлөрдүн дарты болот. Себеби экономикасы күчтүү Орусия менен Евробиримдик башка өлкөлөрдөгү эң мыкты адамдарды өзүнө тартууда. Мекенинде калгандардын көбү билимсиздер. Демографиялык кыйынчылык тарткан өлкөлөр өнүгүүнүн эң оңой жолуна түшүп, адам ресурсун, жаштарды, билимдүүлөрдү постсоветтик өлкөлөрдөн алып кетип жатат. Эс алууга чыккандар, билимсиздер өлкөдө калып, алардын маселесин чечүүнүн жолу табылбай турат. Орусияга жакын жайгашкан Кыргызстан сыяктуу «кара тешиктерди» эмне кылышыбыз керек? Ал жакта башталган «сомализация» маселесин жергиликтүү бийлик эч качан чече албайт. Кыргызстандагы абал сырттан кийлигишмейин оңолбойт. Өлкөнү өнүгүү жолуна салчу чыныгы саясий элита жок. Менимче, Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) Кыргызстан үчүн «ураган өлкө» статусунан сууруп чыкчу «аркан» даярдашы керек. Бирок мындай эл аралык программа кыргыз элитасынан жоопкерчиликти талап кылат. Бул сыяктуу ишти Казакстан мурда баштаганы менен, кыргыз бийлигине салган акчасы «кара тешикке» сиңип жоголгон. Ошентсе да өлкөдөгү саясий, социалдык проблемаларды чечүүгө белсенбесек, Кыргызстанда болчу кезектеги ыңкылап аны менен чектеш ЕАЭБ менен Орусиянын бейкуттугуна таасирин тийгизет», деп жазган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»