www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акжол Махмудов болгариялык атаандашы Айк Мнацаканянды жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчулар Бишкектеги "Жаштык" аренада өткөн күрөш боюнча Super 4 Wrestling эл аралык турниринин алкагында беттешишти. Акжол Махмудов 82 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканянды 5:2 эсебинде утту. Жеңишке жеткен Акжол Махмудовго 10 миң доллар, Айк Мнацаканян 5 миң доллар берилет.
Буга чейин эки балбандын ортосундагы экиден жеңиши бар болчу. Алар төрт жолу кез келишкен.
Белгилей кетсек, мелдешке Кыргызстандан Махмудовдон тышкары дагы төрт балбан катышты. Бекзат Алмазбек уулу биринчи, Билол Шарип уулу экинчи, Орозобек Токтомамбетов менен Малик Шаваев үчүнчү орунду ээледи. Алардын бардыгы акчалай сыйлыктарды алышты.