www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко Марлен Маматалиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдогон телеграммасында өзүнүн жана жалпы Федералдык Жыйындын Федерация Кеңешинин атынан Төрага Марлен Маматалиевге ийгиликтерди каалаган Валентина Матвиенко: “Депутаттардын колдоосу Сиздин ишбилгилик сапаттарыңызга, уюштуруучулук жөндөмүңүзгө жана кесипкөйлүгүңүзгө берилген жогорку баанын далили болуп саналат”, – деген пикирин билдирген. 

Ошондой эле Россия Федерациясынын сенаторлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен мындан ары да конструктивдүү кызматташтыкты улантууга өзгөчө маани берерин айткан Валентина Матвиенко Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын алкагындагы алакаларды өнүктүрүү тууралуу да сөз кылган. 

Последние новости