www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында спортчуларга жана машыктыруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өткөн.

Президенттин атынан сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырган.

Кыргызстандын тарыхында грек-рим күрөшү боюнча биринчи дүйнө чемпиону Акжол Махмудов менен 2008-жылдагы Олимпиаданын күмүш байге ээси Канат Бегалиев «Даңк» ордени менен сыйланса, спортчулардын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов министрлер кабинетинин Ардак грамотасын алды.

Мына ушул сыйлоо аземине байланыштуу Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов өзүнүн социалдык баракчасына, эгер Кыргызстанда болгонунда Акжолду сыйлык алуу салтанатына жебермек эместигин жазды. 

Ал бул туурасында: "Сыйлоо аземи болгон күнү мен Кыргызстанда болбой калдым. Эгерде үйдө болгонумда Акжолду жибермек эмесмин. Ошондо Акжол эмнеге жок деген суроо пайда болсо керек эле? Ошондо өлкө башыбызга, же өкмөт башчыбызга үнүбүз жетсе керек эле? Канат Бегалиевди, Акжол Махмудовду тарбиялаган жеке машыктыруучусуна мамлекеттик сыйлык берилбесе, окуучуларына дагы сыйлык жок деген таризде... Мейрамбек Ахметовду спорт департаменти сыйлыкка көрсөтүптүр деп уккаммын. Өкмөт жактан сыйлыктарды берүүчү бөлүм, мурда алган деп кыскартып салыптыр. Мейрамбек агайдын сыйлык берген бөлүмдүн алдындагы күнөөсү, жакшы иштеп, жылда чемпиондорду даярдаганы экен...", - деген нааразычылыгын билдирген. 

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 23-августунда Токио Олимпиадасынын жыйынтыгында Мейрамбек Ахметов 2,5 миллион сом жана экинчи даражадагы «Манас» орденин алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости