www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок, деп билдирди Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги.

Бул 7-февралда саат 10:00гө карата алдын ала берилген маалымат. Министрликтин маалыматы боюнча, Адана шаарында Кыргыз Республикасынын 1984-жылы туулган жараны А.Т. жаракат алган. Ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канааттандырарлык болгондуктан ооруканадан чыгарылды.

Анталья шаарындагы башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан Адана шаарындагы 10 жаран азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан, ысык тамак менен камсыздалып, коопсуз жерге жайгаштырылды. Тактоо иштери уланып жатат.

Түркияда 6-февралда 2 ирет катталган жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 3381 адамга жетти. 7-февралдагы акыркы маалымат боюнча, 20 436 адам жаракат алды деп катталган. Бул маалыматты Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Юнус Сезар журналисттерге билдирген. Аталган башкармалыктагы жер титирөө боюнча иш жүргүзгөн бөлүмдүн башчысы Орхан Татардын маалыматы боюнча, жалпы 5575 имарат урандыга айланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости