www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кырсык болгон жер титирөөдөн кийин Түркияга 45 мамлекет жардам сунуштады. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.
Президенттин айтымында, НАТО жана Евробиримдик да жардам сунуштаган.
Акыркы маалыматтарга караганда, 5 миңден ашуун имарат талкаланган.
«Тилекке каршы, курман болгондордун жана жабыркагандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө», - деди Эрдоган кайрылуусунда.
Түркиянын президентинин айтымында, азыркы жер титирөө өлкөдөгү 1939-жылдан берки эң чоң табигый кырсык болуп калды.
Жергиликтүү тобокелдиктерди башкаруу агенттиктеринин эсебинде, Түркиядагы жер титирөөдөн келтирилген зыян 15 миллиард долларга жетиши мүмкүн.
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Түркияга куткаруучуларды, кинологдорду, психологдорду, дарыгерлерди жана гуманитардык жардамдарды жөнөтүүдө. Гуманитардык жардамдар социалдык тармактарда да тынчсызданган жарандык активисттер тарабынан чогултула баштады.
Тажикстан Түркияга да, Сирияга да көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү, бирок Дүйшөмбүдөн жапа чеккен өлкөлөргө жардам берилери азырынча белгисиз.
Түркмөнстан да түрк элине жана түрк лидерине көңүл айтты жана Ашхабаддан куткаруучулар менен гуманитардык жардам жөнөтүлгөнү белгисиз.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 6-февралында Түркиянын түштүк-чыгыш аймактарында жана Сириянын бир катар аймактарында күчү 7,9 (баштапкы маалыматтар боюнча 7,4) болгон катуу жер титирөө болгон. Кийинчерээк Түркияда дагы 7,6 баллдык жер титирөө болду.
Азырынча өлкөдө жабыркагандардын саны 3419 адамды түзөт. 20 426 адам жарадар болгон. Коңшу Сирияда каза болгондордун саны 1444, жаракат алгандар 3530.
Булак: NazarNews.kg