www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык салтанат учурунда 90 бала ата-энесин таба албай калган. Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы адашып калган бладардын баары табылганын билдирди.

"Балдардын баары табылып, ата-энелерине, жакындарынын колуна берилди. Бир бала ИИМдин алдындагы Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилди", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эске салсак, кечээ Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Борбордук "Ала-Тоо" аянтында аскердик парад, кечинде концерт уюштурулуп, майрамдык салют атылды. Аны көрүү үчүн миңдеген кыргызстандык келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости