www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ала-ТВ» компаниясынын негиздөөчүсү Артур Халдаров алдамчылыкка шектелип Бишкектин тергөө абагына камакка алынды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү жүрүп жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.
Мекеменин маалыматына караганда, арызданган адам Халдаров аны 103 миллион сомго алдап кеткенин билдирген.
Халдаров эки жыл мурда дагы бир иш боюнча айыпталып, 280 миң сомдук айыпка жыгылган. Буга 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып, мыйзамсыз кайра катталганы боюнча кылмыш иши негиз болгон.
Жаңы айыптоо боюнча ал өзү же жактоочулары комментарий бере элек.
Булак: NazarNews.kg