www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир адам кылган кылмышына жараша жаза тартыш керек. Мындай пикирин депутат Медер Алиев бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Өткөндө айылга барсам бир жаран кайрылды. Анын окуучу уулу шериктери менен мал уурдаган. Кармалып, кыйноого кабылган, тагыраагы колдоруна ийне сайылган. Соттун дагы өкүмү чыгыптыр. Ал адам менден жардам сурады. Эми күнөөсү болсо кантип жардам бересиң? Бирок байкаштыралы деп сөз бердим.
Айтайын дегеним башка. Мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди бөлүштүрүүгө милденттендирилген көп жооптуу кызмат адамдары мыйзамсыз иштер менен алектенишет. 30 жыл аралыгында толгон-токой жерлер мыйзамсыз берилип кетти. Мен бир адамды билем. Бишкек шаарында баасы миилондогон суммага барабар жерлерди мыйзамсыз берип салган. Бирок соттон айып пул төлөп акталды. Буга окшогон фактылар абдан көп.
Ар бир адам кылган кылмышына жараша жаза тартыш керек. Айылдагы жаштыкка алдырып, кой уурдаган окуучу соттолуп кетти, ал эми канчалаган жерлерди берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын адамы эркиндикте жүрөт. Адилеттүүлүк кайда?", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg