www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27-апрелде Алай районунун Гүлчө шаарынын аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кыска мөөнөттө кокту-колоттордон сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.
Натыйжада Гүлчө шаарынын Абдиев көчөсүндө 11 турак үйдүн короосун, Сатаров көчөсүндө 9 турак үйдүн короосун (анын ичинен 1 турак үйдүн ичине) жана Гүлчө шаарына караштуу Курманжан Датка айылында 5 турак үйдүн короосун сел суулары каптаган.
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө “Айгай” жарыяланып, жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлдү.
Тазалоо иштерине Алай райондук ӨК бөлүмүнөн 20 куткаруучу, 1 мотопомпа, ЖК кызматтарынан 10 кызматкер, 1 экскаватор жана 1 жүктөгүч тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок, абал туруктуу.
