www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алай районунда жергиликтүү тургун документтери жок болгон эки даана ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырды.
Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар арасында ок атуучу куралдарды сактоо эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында жаран документтери жок эки ок атуучу куралды милицияга тапшырган.
Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, мындай профилактикалык иш-чаралар ок атуучу куралга байланышкан кырсыктардын жана кылмыштардын алдын алууга, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коомдогу туруктуулукту сактоого багытталган.
Милиция мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды ички иштер органдарына өз ыктыяры менен тапшырган жарандар мыйзамда белгиленген тартипте кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертет.