www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Алай районунда селден улам убактылуу жабылган Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолу кайрадан толук ачылды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 24-июнда саат 14:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин жолдун 58+200-чакырымында сел жүрүп, унаа кыймылы убактылуу токтогон.
Окуя болгон жерге №959 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери атайын техникаларды тартып, жолду сел калдыктарынан тазалап, бузулган тилкелерди калыбына келтиришти.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1,5-2 сааттын ичинде жол толугу менен тазаланып, бардык чектөөлөр алынды.
Учурда Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунда кыймыл кадимки тартипте жүрүүдө.