www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-июнда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевге, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда.

Ошондой эле, "75чилердин каты" деп аталган иштин башка катышуучулары Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Эмил Узакбаев бар.

Белгилей кетүүчү нерсе, төрагалык кылган судья Азирет Медеров мурунку соттук териштирүүдө отурумду жабык өткөрүүнү буйруган.

Айыпталуучулар Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев жана Нурланбек Тургунбек уулу өздөрүнүн коргоочулары менен бирге өтүнүчкө макул болушкан.

Ошондуктан, айыпталуучу Ташиев менен Зулушев сот имаратына унаа менен киришти, ал эми Нурланбек Тургунбек уулу жөө келди.

Последние новости