www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында аялга карата зомбулук фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июнь күнү Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери Жайыл РИИБинин жетекчилигине билдирүү менен кайрылган.

Анда “Инстаграм” социалдык тармагындагы «Биз-Вместе» баракчасында жарыяланган видеодо белгисиз эркек киши аял кишиге күч колдонуп жаткандыгы көрсөтүлгөнү маалымдалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 2026-жылдын 22-июнунда болжол менен саат 13:40 чамасында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев жана Свердлов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Авангард» дүкөнүнүн жанында болгон.

Аталган факт 2026-жылдын 25-июнунда Жайыл РИИБде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Учурда Жайыл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан окуяга катыштыгы бар белгисиз жарандардын өздүгүн тактоо максатында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, бардык жагдайларды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.

 

Последние новости