www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киши өлтүрүүгө шектүү кармалганын 1-июлда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 30-июнда Аламүдүн РИИБге Пригородное айылында киши өлтүрүү фактысы болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, милиция кызматкерлери тарабынан 73 жаштагы М.А. аттуу аялдын жансыз денеси табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, каза болгон аялдын 34 жаштагы М.А. аттуу уулу кармалды.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен 5 диний китеп жана 1 дептер алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылдууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости