www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы аяктады. Бул күнү депутаттар бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берди.

Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору жана Жогорку Кеңештин токтом долбоорлору кабыл алынганын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи окууда:

- «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Башкы прокурор.

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин долбоору. Демилгечи – Башкы прокуратура.

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбоору. Демилгечи – Башкы прокуратура.

- «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексин ишке киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Башкы прокурор.

- Кыргыз Республикасынын башкаруу тартибине каршы укук бузуулар жөнүндө кодексинин долбоору. Демилгечи – Башкы прокуратура.

- «Чек ара ыйгарым укуктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К., Жеенчороев М.К., Сулайманов А.Т., Орозова К.Б., Садиков У.Ч., Осмонов А.Ж.

Экинчи окууда:

- «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 04.05.21 №197 токтом.

- «Лотереялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Асылбаева Г.К.

Үчүнчү окууда:

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Демилгечи – депутат Сыдыгалиев Н.Ө.

- «2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 14.04.21 №145 токтом.

- «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө Кыргыз Ресубликасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору. Демилгечилер – депутаттар Карашев А.А., Осмонова А.Ш.

- «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору. Демилгечи – Өкмөт, 28.04.21деги №175 токтом.

Мыйзамдын макулдашылган варианты:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4616-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган варианты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Төлөнов Д.Э., Масабиров Т.А., Асылбаева Г.К., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Турусбеков Б.С., Гайпкулов И.Т., Рыспаев К.Ж., Бакиров М.И.

Четке кагылды:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-июнундагы № 4615-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамдын макулдашылган варианты. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Асылбаева Г.К., Осмонова А.Ш.

Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлору:

- Кыргыз Республикасынын президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген «Жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 31.12.19, №735 токтом.

- Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21- февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3- июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

- «Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Вертекс Голд Компани» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишин, анын айлана-чѳйрѳгѳ тийгизген таасирин жана тоо-кен ѳнѳр жайы жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын иликтѳѳ боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 4421-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости