www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны өсүүдө

Дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны 169 миллионго жетти. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюмунун баяндамасында айтылат.

Эмгек мигранттарынын 99 миллиону эркектер болсо, 70 миллиону – аялдар. Ошол эле учурда эмгек мигранттарынын арасында жаштардын саны артып, 10%га жеткен.

Баяндамага ылайык, мигранттардын 66,2%ы кызмат көрсөтүү, 26,7%ы өнөр жай жана 7,1%ы айыл чарба тармагында иштейт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан чет жерге иштегени кеткен адамдардын саны миллиондон ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости