www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүндөн төңкөрүш баштаганга кимдер кызыкдар?

Алынган ыкчам маалыматтын негизинде, 2021-жылдын 29-май күнү саат 12:00дө Аламүдүн районунун Байтик айыл аймагындагы Бозболток тоосунда (Байтик айылынын Аркасы) «Эл ынтымагы», «Жети дубан», «Кырк уруу», «Ханституцияга каршы» кыймылдарынын мүчөлөрү А.Мусакеев, Кудайберген уулу Тилекмат, К.Үсөнбаевдер ДИН УЮШТУРУУсунда республиканын жана Чүй облусунун райондорунун тургундарын тартуу менен улуттук улуу жыйын өткөрүү күтүлүүдө. Жыйындын уюштуруучулары тарабынан бир нече боз үйлөр тигилип, мал союу менен тамак-аш уюштуруу аракеттери көрүлүүдө.

Эске сала кетсек, 2021-жылдын 22-майында Бишкек шаарындагы «Достук» мейманка насынын жыйындар залында аталган кыймылдардын мүчөлөрүнүн жыйынында бир нече пункттан турган резолюция кабыл алынып, республиканынын 40 районунун элдерин чогултуу менен 40 боз үй тигип, улуттук улуу жыйын өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.

Уюштуручулар: Кудайберген уулу Тилекмат, 1986-жылы туулган. «Ханституцияга каршы» кыймылынын лидери;

Мусакеев Азамат Аскарбекович, 1977-жылы туулган. «Эл ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы. Булардын артында Рафик да бар экенин ишенимдүү булактар билдиришти.

Булак: Азия News гезити

Последние новости