www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кочкор районундагы башкы дарыгерден кордук көргөн Кадыркулованын ишине эч ким көңүл бурбай жатат”, - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине Коррупцияга каршы элдик көзөмөл бирикмесинин мүчөсү Айжан Бурканова.

Нарын облусунун Кочкор районунун 66 жаштагы тургуну Асипа Кадыркулова Башкы дарыгер Турат Жумабековдон кордук көрүп келген. Азыр анын иши боюнча тиешелүү органдар чара көрбөй жатат. Мен атайын Ош облусунунан келдим. Аял кишини кыйнап, үйүнөн чыгарып койгондору туура эмес. Кадыркулова мага азыр ар кайсы жерде баш калкалап жашап жүргөнүн айтты. Жашы өтүп калган жалгыз бой аялды ушундай азапка салгандарга катуу чара көрүлсө. Андыктан президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана губернаторго кайрылам. Биздин коомдогу ушундай терс көрүнүштөргө бөгөт коёлу”, - дейт Айжан Бурканова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости