www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты Максат Кунакунов 2011-2015-жылдарда Алмаз Атамбаевдин режимине каршы митингдерге катышып, анын мыйзамсыз жоруктарын сындап жүрүп бийликке жаман көрүнгөн болчу. Кекчил бийлик аны баса калып, камап салганга шылтоо таппай жүргөндө, 2015-жылы жайында УКМК Бишкектин Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бир үйдө антитеррористтик операция уюштуруп, 4 жаранды атып өлтүргөн жана бир нечесин камакка алган. Алардын биринин телефонунан экс-депутат Максат Кунакуновдун телефон номерин табышып, 2015-жылдын 22-июлунда аны УКМКнын тергөө абагына камашат да “ал террористтерге курал жана акча берип турган” деп айыпташат. “Далилдер барбы?” деген суроого атамбаевдик чекисттер “далил боло турган куралдар менен акчалар операция учурунда күйүп кетти” деп жооп беришет. Ошентип атамбаевдик чөнтөк соттор экс-депутат Максат Кунакуновду эч бир далилсиз эле 2017-жылдын январында 10 жылга кесип жиберген. Болгон күнөөсү – Атамбаевге акаарат айтып жүргөнү эле.
Ошондо Атамбаевдин оң колу болуп жүргөн Албек Ибраимов бир тууган жээни тууралу “ай ушул жаш жигит жөн жерден күйүп баратат, жазаласак да айыбын таап, далилдеп жазалайлы” деп калыс сөзүн айтып койгонго жараган эмес. Эми тагдырдын тамашасы менен ошол бир тууган жээни камалган УКМКнын тергөө абагына өзү да камалды. Бул таба эмес, тообо сөз.
Булак: "kyrgyztoday"