www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израиль полициясынын коштоосундагы 700дөн ашуун фанатик жөөт басып алуу астындагы Чыгыш Кудстун «Байыркы шаар» аймагында орун алган Акса мечитине кирип барышты.
Кудстун Исламий фонддор башкармалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында бүгүн эртең менен 720 фанатик жөөөт топ-топ болуп Израилдин полициясынын коштоосунда Акса мечитинин Аль-Магарибе капкасынан Хареми Шарифтин короосуна кирди.
Арасында ашкере оңчул эл өкүлү Йехуда Глик да орун алган жөөттөр, Акса мечитинин короосунда бир топко айланып жүрүштү.
Аксанын бардык каалгаларына тосмо койгон Изриаль полициясы, палестиналыктардын короого киришине документтерин текшергенден кийин уруксат берди.
Бул окуя тууралуу социалдык медиа тармагында жарыяланган видеолордо фанатик жөөттөрдүн кысымына каршылык көрсөтүш үчүн Палестинанын желегин жайган бир баланы Израилдин полициясы кармап кетени көрүнүп турат.
Акса мечитине кирип барган фанатик жөөттөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөнү көңүл буруда.
Жөөттөрдүн Акса мечитине кирип баргандарын колдоого алган израилдик «Яра» аттуу коомдун жакында эле жарыялаган отчетунда, өткөн жылы Акса мечитине кирип барган отурукташкан жөөттөрдүн саны 22256 киши болсо, быйыл «алгачкы алты айда» аты аталган сандын 22206га жеткени белгиленди.
Отчетто «жылдын акырында бул сандын рекорддук деңгээлге жетиши күтүлүүдө» деген сөзгө орун берилди.
Акыркы күндөрдө болгон кысымдар менен бирге Акса мечитине кирип барган жөөттөрдүн саны өткөн жылкы сандан ашып 23 миңден ашкан абалда.
Басып алуу астындагы Чыгыш Кудста орун алган Акса мечити мусулмандардын алгачкы кыбыласы болуп саналат.
Жөөттөр, ичинде Кыбыла Мечити менен Куббетүс Сахра мечити менен катар музей, медреселер жана чоң короо орун алган Акса мечитинин комплексинин астында «Сүлейман эстелигинин калдыктары орун алганы» айтымдары менен казуу иштерин жүргүзүүдө, Хареми Шарифте өздөрүнүн дагы ибадат кылуу укуктары бар экенин жакташууда.
Булак: "trt.net.tr"