www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги соттук-медициналык экспертиза борбору журналист Уланбек Эгизбаевдин сөөгүнө жасалган экспертизанын баштапкы жыйынтыгын чыгарып, анын өлүмүнүн себебин "чөгүп өлүү" ("утопление") деп тапты. Бул тууралуу экспертизанын корутундусунда айтылат.

Курч иликтөөлөрү менен элге кеңири таанылган Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлгө эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болду. Анын сөөгү кечээ жакындарынын өтүнүчү менен дароо соттук-медициналык экспертизага жиберилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы журналист кырсыктаган "Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу жөнөтүлгөнүн жана окуя көзөмөлгө алынганын билдирди.

Уланбек Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. "Азаттык" радиосунда 2013-жылдан тартып иштей баштаган.

Бүгүн "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесинде да маркумду эскерген митинг-реквием болду. Түштөн кийин, саат 14:00дө Ош шаарында журналисттер аллеясында эскерүү жыйыны өтөт.

Булак: "azattyk."

Последние новости