www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда «НазарNews» маалымат агенттигинин баракчасынан Гүлзат Аалиеванын «Мухтар Атаналиев кандуу үркүндү кантип бурмалаган?» аттуу макаласын окуп чыгып, жеке пикиримди билдирип коюумду туура таптым. Аныгында макаланын аталышы жогорудагыдай болгону менен ички мазмуну таптакыр башка мааниде, т.а., темада айтылган «Үркүн» тасмасы туурасында акыркы гана абзацта учкай кобурамыш этет. Тилчи, адабиятчы мугалим катары айтарым, алган теманы ачык түшүндүрүп жана ошол темадан улам келип чыккан орчундуу жагдайларды кошумча катары кыстарып жүрүп отурушу керек эле. Макала, дилбаян же башка ой толгоолорду жазуунун негизги калыптанган эрежеси ушул. «Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба», – дейт акылман кыргыз. Анысына макул дейли. Деңгээли ушундай экен деп эле жоруптап коёлу.

Экинчи бир кызыктырган жагдай: автордун атагы. Тек гана «профессор» деп берет. Андай атак жөн эле көчөдө бекер басып жүргөндөргө бериле бербесе керек. Демек, кайсы багытта, кайсы тармактагы кылган иштери үчүн профессор атанган? Профессор деген очойгон орундун астында Балан илимдин кандидаты же доктору деген илимий наамы кошо болушу керек эле. (Ыраматылык бир акын: «Ош базарына барып бир футболка сатып алам да, алдына да, артына да «Гений» деп бадырайта жаздырып, көчөгө басайын деп атам. Антпесем мени эч ким таанычудай эмес», – деп күлдүргөн бир жылдары. Анын сыңары бу да ошонун түгөйүбү деген ойго жетеленип кетет экенсиң). Мына ошону аныктап алгандан кийин гана ошого жараша жооп беришибиз шарт болчу. Мунусуна да макул дейли. Гүлзат айымдын деңгээлине түшпөй коё туралы (деңгээлине түшүп калгандан Кудай сактасын!)

Эмесе, макаладагы мени кызыктырган жагдайларга келели.

Макаланы баштаганда эле алакандай кыргыз элин экиге бөлүү, аймактык кастыкты козутуудан баштаптыр: «...Ислам динин салттуу кармаганТүштүк Кыргызстан менен Фергана өрөөнүнө караганда, Теңир ишениминдеги Түндүк Кыргызстанда орустардын таасири менен орусташуу процессинин эффективдүүлүгү бир кыйла чоң болгон...» (Аталган макала. 3-абзац. 1-пункт). Демим катып далайга эсим ооду. Бир профессор деген макамды, бир ушул жазууну алма-телме тиктеп, не дээримди билбей жалдырадым аныгы. Кара тамга менен басылгандарга жакшылап көз салчы. Бул эмне деген сөз? Аймактык кастыкты козутуубу, же бир аймактан экинчи аймакты жогору коюубу? Дегеле, түндүк-түштүк бөлүнүүчүлүгү качан пайда болгон? Албетте, Анжияндык-Аркалык болгонун чыгармалардан окуп билем. Негизинен Адигине уулдары, Тагай уулдары деген эле түшүнүк болуп келген эмес беле? Демек, ардактуу профессорсөрөйдүн баамдашында диний жактан да экиге бөлүнүп келген экен окшойбуз да? Андай боло турган болсо, сиз жазган Түндүктөгү Шабдандын мектебин, Дүрдүн мектебин, Канаттын мектебин, Касымаалынын мектебин жана башкалардын мектебин кайда алпарабыз? Же ал жерлерде да «динибиз – Теңир» деп окутту беле? Дегеле, кыргыз жергесине Ислам дини Б.З. 751-жылындагы Атлах согушунан (Таластагы) кийин жайыла баштаган деген далилденген тарыхый маалыматты таптакыр жокко чыгарып салабызбы?«Орусташуу процессинин эффективдүүлүгү» деген сөзүңүз эмнени каңкуулайт? Түпкү максаты эмнеде? Дегеле эффективдүү деген сөздү кандай түшүнөсүз? Же жергиликтүү манаптар балдарын орус-тузем мектептеринде окутса эле, эффективдүүлүк пайда болуп калабы?

Жана сиздин макалаңызда баяндалган, т. а., Түркияга барып келди делген адамдар тууралуу (Шабдан баатырдан башкасында) тарыхчылардын өздөрүндө да талаш маселелер бар. Андыктан, такталбаган маалыматты чаптай салуу менен утуш ала албашыңызды учкай эскертип койгум келди. Анан да, Канат Акыке уулу эмес, Канат Ыбыке уулу (архивдик документтерде Канат Абукин). Түркияга барган-барбаганы туурасында маалымат таппай койдум, Кудай акы, кайсы булакка таянып жазгансыз, аңдай албадым. Ошол булактарды мага да жөнөтүп коюңузчу, кызыкчылык үчүн окуп коёюн.

«...Түркиядан келген диний эмиссарлар тилдик, дилдик, тектик жалпылыкты шылтоо кылып, Түндүк Кыргызстандын эл башкаруучуларын ар кандай жол менен намазга жыгып, ажы зыяратын жасоого үндөп, аларды падышалык Орусияга каршы көкүтө баштаган...» (6-абзац)

Кара тамга менен басылгандарга көбүрөөк көңүл бөл, окурман! Демек, бизге динди түрктөр үйрөткөн экен да? Ага чейинки ажылык зыяраттарды, диний ырым-жырымдарды жокко чыгарып салабызбы? Түрктөр келгенге чейин эле Калыгул, Молдо Кылыч, Арстанбек,Тоголок Молдо өңдүү диний сабаты жоюлган, арапча кат тааныган адамдар болгонун танып кетебизби?

Дагы бир жагдай, түрктөрдүн Хижаз темир жолун куруудагы максаттарынын бири: Европа өлкөлөрүнө атаандаштыктан улам пайда болгон делинет түрк тарыхый булактарында. Албетте, Абдулхамид II баш-оту менен динге кирип кеткени, өзүн түрк дүйнөсүнүн эмес, Ислам дүйнөсүнүн өкүлү катары таанытып келгени жашыруун эмес. Ушундан улам, пантуркисттер тарабынан тактан кулаганы тарыхый факт. Түрк дүйнөсүнө үстөмдүк кылуу эмес, ириде Араб өлкөлөрүнө көбүрөөк жакындашуу саясатынан улам курулуп баштаган менимче. Ал эми Шабдан баатырдын Түркияга барып калышынын негизги себеби катары Борбордук Азия аймагынан Меккеге каттагандардын маршруттук линиясы Стамбул аркылуу өткөнү айтылат. Демек, бул линиядан Шабдан баатыр да кыйгап өтө алган эмес. Албетте, колу ачык, берешен адам болгондуктан, бир чети мусулманчылык милдет катары 2000 алтын дилде берсе керек. Бергени да, алтын медаль тагынганын да танбайбыз. Муну түрк калкы да сыймыктануу менен айтып келишет.

Макаладагы дагы бир көңүлүмдү бурган сүйлөмдөр: «...Жогоруда аты аталган түрк улутундагы адамдар ислам динин жамынып алып, кыргыздарды «каапыр оруска» каршы тукуруп, кыргыз элин тукум курут кылган Үркүндүн болушуна түздөн түз таасир этишкен...Демек, 1916-жылдагы кандуу Үркүнгө мусулман эмиссарларынын таасири зор болгон. Чалмалуу түрктөрдүн акчасына убактылуу маарыган Чүй өрөөнү менен Ысык-Көлдөгү кыргыз башчыларынын эли менен тууган-уругу, бала-чакасы менен жакындары биринчилерден болуп курмандык чалынып кеткен...» (16-17-абзац), – дегени болду. Жакаңды карманасың, аргасыз. Жаның кашаят. Ия, садагаң кетейин, профессорсөрөй, демек биздин эл караманча оома, ким эмне десе, ошону ээрчип кете берген,өз алдынчалуулугу жок, ар-намыссыз, абийирсиз эл болуптурбуз да, сиздин оюңузча?! Андай болсо, Улуттук боштондук көтөрүлүш дегенди таптакыр чийип салып, түрктөрдүн көкүтүүсү менен болгон окуя деп жазып баштайлыбы? Түздөн түз таасир эткендей, алар бизге ким эле? Түрктөр келгенге чейин эле маселе бышып-жетилип, жарылуу абалына жетип калганын кантип танып кетебиз? Падышалык Орусиянын ашкере кысымына чыдабай эл көтөрүлүп кеткенин сиз экөөбүз тансак да, тарых тандырбайт го? Ата-бабанын арбагына шек келтирип алган жокпузбу? Кыргыздын эзелки ишениминде арбак ыйык делинет. Андай болсо, сиздин ошол түпкүлүк ишенимди карманганыңызда да шегим бар.

Анан да, чындап эле Үркүндүн келип чыгуусуна диндин таасири күчтүү болсо, эмне себептен кыргыздын сиз айтып аткан салттуу Ислам динин карманган (динди бекем туткан) тарабы тек толкундоолор менен гана чектелип, сиз Теңир ишенимине көбүрөөк ыктаган деп эсептеген тарабындакөтөрүлүш катуу болгон? Айрым булактарда, Нурмолдо акындын жар чакырыгынын таасири аркасында, түштүк тарапты жердеген туугандар Орусия-Германия урушуна балдарын жибергени айтылат. А Нурмолдо акындын Арабиядан диний билим алган, диний ырлардын ири өкүлдөрүнүн бири экенинбаарыбыз эле билебиз. Чындап Ислам дини таасир ойногон болсо, Нурмолдо акын неге сиздин тилиңиз менен айтканда «каапыр орустарды» колдоду экен?

Баса, бул сиз айтып жаткандардын Мухтар Атаналиев сценарийин жазган, Медин Учукеев тарткан «Үркүн» тасмасына кандай тиешеси бар экенине төрт кайталап окуп түшүнө албай койдум. «Үркүн» тасмасы демекчи, кеп ыңгайы келгенде жеке оюмду айта кетейинчи.

Биринчиден, бул – көркөм тасма. А көркөм тасмада автордун жеке көз карашы, фантазиясы роль ойнойт. Автор кандай элестетсе, чыгарма да ошол жагдайга жараша өзгөрүп кетет. Башкы маселе тарыхка таянуу менен, көркөм оюнэлге жеткирүүдө.

Экинчиден, ал жерде тарыхый окуя болгону менен, кандайдыр бир тарыхый личность жок. Тек гана жалпыланган (типтүү) образ бар. Дегеним, буга чейинки тартылып келген тарыхый-көркөм тасмаларда чындыкты болгонун болгондой тарткан дей албайбыз го?

Үчүнчүдөн, «...арабдын акырынан жем жеген мусулмандар...» дептирсиз. Ушундан улам, тасманы тарткан топту кызыгып изилдеп көрдүм. Сценарийин жазган: Мухтар Атаналиев, режиссеру: Медин Учукеев, операторлору: Михаил (фамилиясын таппадым, улуту бурят экен), Канат Алыбеков, директору: Эрлан Жамгырчиев (Эреке Төлөбай), демөөрчүсү: Нурбек Айбашов. Көңүл бура турган маселе, Мухтар Атаналиевден башкасында диний түшүнүк жок. Мусулманбыз деп гана эсептешет, а мусулманчылык милдеттерди аткаргандарын өздөрүнөн сурап да биле алган жокмун. Дегеле, бир арабдын «Ме, тасмаңа салымым», – деп, акча бергенин укпадым. Анан кандайча «арабдын акырынан жем жеп» калышкан?

Урматтуу, Гүлзат айым, андай эле күйүп-бышкыч экенсиз, кыргыздын тарыхын жогорудагы «чычымдар» бурмалап, булгап салышыптыр, неге сиз өзүңүз буга каршы тасма жаратуу менен жооп бербейсиз? Сындаганды билген киши жасаганды да билиши керек го ириде? Сизден өтүнүч, «Үркүн» окуясы тууралуу сиз чыныгы деп эсептеген фактылардын негизинде бир тасма жаратып бериңиз! Анан экөөнү салыштырып көрүп, жыйынтык чыгаралы.

Кыскасы, мени кандай атандырсаңыз өзүңүз билиңиз, жаран катары жеке оюмду билдирдим. Эринбей макаламда козголгон айрым суроолорго жооп берип коёт деген үмүттөмүн.

Баса, урматтуу, «НазарNews» маалымат агенттиги, өзүңүздөрдүн ички эреже тартибиңерде белгиленген 3, 4, 5-пункттарды Гүлзат Аалиеванын макаласынжарыялоо менен бузуп алган жоксуздарбы? Макаланы жарыялоодон мурун редакциялык кароодон өткөрдүңөр беле? Эртеңки күнү Гүлзат Аалиева менен кошо жооп берип калбайбызбы деп ойлондуңарбы? Бул, албетте, коркутуп-үркүтүү, же басым-кысым жасоо эмес, тек гана силердин маалымат порталды сыйлаган жаран катары жеке суроолорум. Туура түшүнөсүздөр деген ойдомун.

Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ, акын, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү

Булак: NazarNews.kg

Последние новости