www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Tooken Korea" акционердик коомунун президенти Ли Ген А президент Садыр Жапаровдон документтерди жасалмалоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча талашты чечүүгө жардам берүүсүн суранат. Бул тууралуу Ли Ген А 24.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 2012-жылдын декабрынан 2021-жылга чейин ал күйөөсү менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Төмөнкү Чандалаш шахтасына 4 млн салышкан. Бирок, кендин документтери жасалма болуп чыккан.

"2012-жылы жолдошум Ли Сок Чжу Уланбек Тоочуев менен таанышып, ал Чаткал аймагынан алтындын кендерин сатып алууну сунуштап, 50 килограмм алтындын запасы бар экендигин айткан. Төмөнкү Чандалаш кенине таандык документтерин көрсөткөн. Ага ишенип, 2012-жылдын декабрынан 2013-жылдын майына чейин күйөөсү 1,3 миллион доллар салган. Көрсө, кендин кожоюндары башка адамдар экен, Тоочуев жасалма документтерди көрсөткөн", - деди Ли Кюн А. 

Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Тоочуев издөөгө алынган. Кармалгандан кийин Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Авчи Алиев аны үй камагына чыгарды.
Жабырлануучунун айтымында, алдамчылык боюнча иш азыр Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралууда.

Ли Ген А кошумчалагандай, күйөөсү алданганына карабастан, 2014-жылдын апрелинде инвесторлор кенди чыныгы ээлеринен сатып алууну чечишкен.
Биз жергиликтүү элге социалдык пакет төлөдүк, көпүрөнүн курулушуна 150 миң доллар бөлдүк, бирок ал курулган эмес. Өкүнүчтүүсү, жергиликтүү бийликтер бизди бардык күнөөлөрүбүз үчүн айыптап, жергиликтүү тургундарды тукуруп, иштетүүгө тыюу салышты.

"Кендин мурдагы кожоюндары - Эркин Исраилов жана Булат Исмаилов учурдан пайдаланып, биздин үлүштү басып алышты. Алар биздин үлүшүбүздүн 50 пайызын ээлеп алышты, дагы 25 пайызын Александр Кимге беришти. Азыр соттук териштирүү жүрүп жатат. Жолдошум бардык сыноолорго туруштук бере албай, 2020-жылы каза болуп калды. Алар бизди жашаган жерибизден кууп чыгып", - дейт Ли Ген А. 

Инвестор президент Садыр Жапаровдон ишти көзөмөлгө алууну, анын укуктарын коргоону жана талаадагы үлүшүн кайтарууга жардам берүүнү суранат.

"Мага өзгөчө укуктардын кереги жок, мен теңчиликти каалайм, ошондуктан менин укугум чет өлкөлүк болгондугум үчүн эле бузулбашы керек" - деди Ли Ген А.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости