www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов Оогастандагы азыркы кырдаал боюнча пикирин билдирип, Кыргызстандын бийлиги ойлонуш керектигин эскертти.  

--“Ошентип, Ооганстанда талибдер бийликти алды десе болот. Кабулду талибдер ээледи. Калган негизги шаарларынын баары талибдердин колунда. Батыш мамлекеттери өз өкүлдөрүн шашылыш түрдө алып кетип жатышат. Ооган аскерлери жана башка мурдагы бийликтин өкүлдөрү коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстанга качып кирүүдө.

 Чынында АКШнын бен Ладенди кармоону талап кылган шылтоосу менен башталган операция Батыш мамлекеттеринин толук утулушу менен аяктады. Ооганстандын чоочун аскерлерди киргизбеген улуттук менталитети ушуну менен үчүнчү баскынчылык согуштун мизин кайтарууда.

Анын артында кандай оюнчулар турганы, Борбордук чалгын башкармалыгынын бир кездеги советтик аскерлерге каршы жүргүзгөн аракети кийин өз башына муш болуп жатканы эми башка маселе. Азыр ушул тапта Кыргызстан үчүн эмне маанилүү экенин ойлонуш керек”, - дейт Жыргалбек Касаболотов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости