www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген кыз кармалды

Бишкекте "АКШга кетүү үчүн виза алып берем" деп  адамды алдап, акчасын алып, из жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-июнда милицияга арыз менен Бишкек шаарынын тургуну Б.Б аттуу жаран кайрылган. Ал өз арызында шаардагы кафелерден таанышкан кыз арыз ээсинин ишенимине кирип, виза алып берем деп 11 миң 200 долларын алып, из жашырып кеткендигин билдирген.

Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп 1996-жылы туулган К.А аттуу кыз кармалган. Милиция кармалган кыздын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоодо.

Бишкек ШИИББи  К.А аттуу кыздан жабыркагандар болсо төмөндөгү номерлер аркылуу кайрылууну сурайт:

0(709) 76-76-06, 0(558) 102-992 же 102.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости