www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Александр Крестинин машыктыруучулуктан кетип жатат

Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти. Бул туурасында аталган союздан кабарлашты.

Бул Кыргыз футболдук союзу менен Крестининдин ортосундагы өз ара чечим болгон. Мындай кадамдын себеби айтылган жок.

Крестининдин PRO лицензиясы бар.

2010 — “Нефтчи” ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клуб тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон;

2011 — "Нефтчи" ФКсы суперкубоктун ээси;

2014 — Кыргызстандын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган;

2017 — "Дордой" ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган, андан кийин клуб Кыргыз Республикасынын төрт жолку чемпиону болгон (2018-жылдан 2021-жылга чейин);

2017, 2018 — "Дордой" ФКсы Кыргызстандын Кубогунун жеңүүчүсү

2018 — FIFA рейтинги 146-орундан 75-орунга чейин барган;

2019 — Улуттук курама биринчи жолу Азия Кубогуна чыгып, 1/8 финалга чыкты;

2019 — "Данакер" мамлекеттик сыйлыгы тапшырылган;

2019, 2021 — "Дордой" ФК Кыргызстандын Суперкубогунун жеңүүчүсү;

2022 — Азия кубогу-2023 экинчи жолдомо;

Ал машыктыруучу болуп турганда Кыргызстандын командасы Казакстан менен Түркмөнстанды биринчи ирет жеңген;

Бир нече жылдан бери ФИФАга мүчө өлкөлөрдүн курама командаларынын арасында туруктуу түрдө 100 мыкты командалардын катарына турат;

Көптөгөн сыйлыктардын жана "Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу" сыйлыгынын ээси.

Кыргыз футболдук союзу Кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Александр Крестининге ыраазылык билдирген.

Последние новости